1,5 жашка чейинки балдарга төлөнүүчү акча тууралуу билсек болобу?
Саламатсызбы! Жөлөкпулду кандай адамдар алышы керек? Күйөөм мамлекеттик жумушта иштейт, бирок бир айлык акы бизге жетпейт. Үч балам бар, өзүм үйдө отурам. Биз алсак болобу? Анан дагы 1,5 жашка чейинки балдарга төлөнүүчү акча тууралуу кененирээк маалымат бериңизчи.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоодо мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер каралат.
Ар бир үй-бүлө мүчөсүнө туура келген киреше, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 1000 сомдон төмөн болгон учурда жөлөкпул чектелет, жогору болсо чектелбейт.
Бул жерде күйөөңүздүн кайда иштеп жатканы маанилүү эмес, эмгек маянасы киреше катары эске алынат. Киреше белгиленген чектен ашып кетсе, жөлөкпул берилбей калышы калышы мүмкүн.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.
Ал эми бир жарым жашка чейинки бардык балдарга берилүүчү универсалдык жөлөкпул жөнүндө атайын өкмөттүн токтому иштелип чыгып, бүгүнкү күндө кароодо турат. Бул токтом кабыл алынса, расмий түрдө маалымат беребиз.