// //

Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген 5 жаңылыштык

2019.07.19, 15:56
8800

Психолог Эльвира Чокоеванын айтканына караганда уул менен кызды тарбиялоо түп тамырынан айырмаланат. Эркек балдарга тарбия берүүдө ата-энелер кетирген негизги жаңылыштыктар туурасында Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.

  1. Ашыкча кам көрүү

Балага мүмкүн болушунча көбүрөөк шарт түзүп берүү максатында, кээ бир ата-энелер аша чаап кетишет. Эгер уулуңуз өз алдынча тамак иче алса, боосун байлай алса, сабагын окуй алса, колунан ала калып, жардам бере калуунун зарылчылыгы жок. Балаңызга ишениңиз, ал жасай алат. Өз алдынча көчөгө чыгып ойносун, велосипед тепсин, бакка чыксын. Ооба, жыгылып кетиши мүмкүн, жыгылса кайра туруп, жолун улантат. Сиз аны бардык нерседен коргой албайсыз. Кыйынчылыктарды өзү жеңип үйрөнсүн. Ата-эненин максаты - бала жардам сурап кайрылганда жанында болуу, колдоо көрсөтүү. Анын маселелерин, көйгөйлөрүн чечүү эмес. Өзүңүздүн кичинекей чагыңызды эстеп көрүңүз.

  1. Жылуулуктун жоктугу

Коомдо эркек баланы күчтүү, чечкиндүү жана чыныгы жигит кылып тарбиялоо керек, ошондуктан аны ашыкча кучактап, эркелетип, бетинен өбүүнүн зарылчылыгы жок, бала назик болуп калат, деген жаңылыш пикир бар. Бул андай эмес! Тескерисинче, баланы колго алуу, кучагыңа кысуу, адамгерчиликтүү, боорукер, жакындарын түшүнө билген мырза болуп чоңоюсуна жардам берет. Келечекте мындай жигиттер кыздар менен таанышууда, сүйлөшүүдө кыйналбайт, оңой эле тил табышып, ынтымактуу бекем үй-бүлө кура алат.

  1. Тынымсыз сындоо

Эгер балаңыз бир нерсени жакшыраак жасасын деп анын кылгандарын, көтөрүп чыккан демилгелерин, жетишкендиктерин сындай берсеңиз, тетири натыйжага келе турганыңыз анык. Баланын өзүнө болгон ишеними жоголуп, ата-энесинен алыстайт. Эркек бала чечкинсиз жана өтүмү жок болуп калат.

Балаңызды көбүрөөк мактап, анын иштерине суктаныңыз. “Сен болбосоң дагы бир топко чейин отурмакмын, келип жардам бергениң жакшы болбодубу!”, “Сен азаматсың, тамак аябай даамдуу болуптур!” ж.б.

  1.  Атанын аброюн түшүрүү

Эгер эне чыныгы жигитти тарбиялагысы келсе, анын атасына карата жасаган мамилеси бала үчүн үлгү болуш керек. Атасын сыйлап, анын айткандарына кулак салып турганын акылы менен түшүнбөсө да, үйдөгү атмосфераны сезип турат.

Атасы жок үй-бүлө болсо деле баланын атасына болгон сый мамилени сактап калуу зарыл. Себеби, сиздин үйдө кичинекей мырза өсүп келатат. Баланын акылы жете турган маселелер боюнча аны менен кеңешип, күчү жете турган жерден жардам берүүсүн сураныныз, пикирин эске алыңыз.

  1. Жеке пикирди таңуулоо

Эгер өзүңүз бала кезиңизде дарыгер болууну каалап, бирок бул тилегиңиз ишке ашпай калса, бала сиздин жеке кыялыңызды орундатууга милдеттүү эмес. Ар ким өз жашоосу менен жашайт. Кесибин, жеке жашоосун, келечегин өзү чечсин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
22.07.2019, 19:22

Бул келин же акылы жок маданиятсыз, же колу туткак(клептоманка). Бул адаты калбаса, келген жерине коп койгойлорду алып келет. Мындай келиндер башка эмес озун сыйлабаган, эссиз, тарбиясы кем делгендерге кирет. Же мындайды « коргон-оскону жаман» деп коет. Ал эми жогорудагы психолог соройлорго кенешуунун да кереги жок.  Психологдун озунун психологиясы шек туудуруп жатат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт