Күйөөм бир туугандарын шаардан иштегиле деп чакырып алды. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Мен 25 жаштамын. Турмушка чыкканыма 2 жыл болду, бир балабыз бар. Буга чейин квартирада жашап жүрдүк шартка байланыштуу менин апамдын жанына келдик. Эки иним чет өлкөдө иштешет, апам жалгыз болгондуктан күйөөм экөөбүз апамдын үйүндө туруп калдык.
Эми күйөөм айылдан кайын агам менен кайын инимди шаардан келип иштегиле, деп чакыртып алды. Үй болгону үч бөлмө, алар уят-сыйыт дегенди түшүнүшпөйт экен. Өз алдынча жашайын деген ойлору жок. Мен апамдын алдында сыгылып жаман болуп жүрөм.
Күйөөм таарынып калбагыдай кандай жол менен айтсам болот? Эмне кылышым керек?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Силерде түзүлгөн кырдаалда нааразычылыктар улам чогулуп отуруп, бир күнү бомба сымал жарылат. Сиздин да, апаңыздын да чыдамы качандыр бир учурда түгөнөт.
Эмне кылышты жана кандай айтышты өзүңүз деле билип турасыз. Болгону, сиз жакшы аял бойдон калгыңыз келип турат. Нааразычылыгыңызды көрсөтүүдөн уялып жатасыз. Тилекке каршы, жашоодо андай болбойт. Өзүңүздүн жеке кызыкчылыгыңды коргоо үчүн азуу тишиңди көрсөтүү керек. Ансыз сизди эч ким көзгө да илбейт жана эсептешпейт.
Менин пикирим боюнча, күйөөңүзгө кандай болсо, ошо бойдон ачык айтыңыз. Эмне үчүн үч килтейген эркек, бир кары аялдын боорукерлигинен пайдаланып жатат?
Өз жашооңузду өз колуңузга алыңыз. Үйдөгү чыңалуу жеткен чегине жетип, жарылышын күтпөңүз. Болбосо, мамилелер калыбына келгис болуп бузулат.
Ал эми бул сөздү качан баштап, качан сүйлөшүү керектигин өзүңүз гана чечесиз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Бул жактан окусаңыз болот:
Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалышат? Анын терс жактары