// //

Күйөөм талагымды бербей жатат. Эми турмушка чыга албай каламынбы?

2019.11.28, 10:39
1197

Жолдошум менен жашабай калганыма 4 жыл болуп калды. Урушуп кетип жатканда апам күйөөмөн "жашайсыңбы" деп сураган. Ал өзүнүн апасын, кайра бизди карап туруп, "жок жашабайм алып кете бергиле" деди. Бирок талак бербей турганын айткан. Андан кийин да урушуп,  жашабай турганын айтып кыйкырган. . Себимди дагы бербей койгон. Арадан төрт жыл өттү, азыр барып талагымды сурсак да макул болбой жатат. Ал менин эле тааныш кызыма үйлөнүп алыптыр. Мен эми эмне кылаарымды билбей жатам. Турмушка чыга албай каламбы? 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.11.2019, 10:41

Бактияр Токтогазы уулу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси

Жашабайм, бирок талагыңды бербейм деп жатканына караганда, ал талактан кандайдыр бир түшүнүгү бар адам болушу мүмкүн. Бирок, өзү жашагысы келбегенден кийин, аялын дагы сый-урмат менен кое берип, башын бошотуп талагын бериши керек. Чогуу жашабагандан кийин талакты бербей коюу бул күнөө.

Экинчи маселе, эгер ортолорунда ЗАГС боло турган болсо, ал аркылуу ажырашса болот. Карабайт, чогуу жашабайт, бакпайт - дегендердин негизинде сот ажырашуу чечимин чыгарса, талак катары ажырашты деп эсептесе болот. Ал адам жаңы үй-бүлө куруп алгандан кийин, башканы да сыйлаганды билиши керек. Эркек туугандары алдына барып, түшүндүрүп, туура эмес кылып жатканын айтуусу зарыл. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт