6 айдан бери алиментти бербей атат, эмне кылышым керек? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Менин эки балам бар. Ажырашканыбызга төрт жыл болду. Мурунку жолдошум алиментти өз убагында төлөбөйт. Мурда Россияда иштечүмүн, Кыргызстанга келгенден кийин, сот аткаруучуга жүз барып жатып араң алам. Балдарды багып жаткан энем каза болуп калды. Өзүм бул жактамын, иш жок. 6 айдан бери алиментти бербей жатат. Кимге кайрылам?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Балдардын атасы алиментти өз убагында төлөбөй жатса сот аткаруучуга барыңыз, канча сом карыз экендиги тууралуу кагазын алыңыз. Ал кагаз менен өзүңүздүн районуңузга караган милиция бөлүмүнө барып кайрылсаңыз болот.
Эгер балдардын атасы материалдык жактан мүмкүнчүлүгү жок болуп төлөбөй жатса, анда эки жака чыгууга тыюу салынат. Төлөнбөгөн алименттин акчасы карыз катары эсептелинет.
Же болбосо сотко кайрылып, алиментти төлөбөй жаткандын негизинде аталык укуктан ажыратсаңыз болот.
Саламатсызбы? Менин уулум Кыргызстанда төрөлгөн, КР күбөлүгүн алган, өзүм РФ паспортун 2008жылы алганмын. Атасы экөөбүз эки айрым жолго түшкөнбүз. Эми мен баламды РФ алып келейин дегем, ошого кандай жол менен мать одиночка жолу менен алып келсем болот? Атасы кайсыл жакта экенин билбейм, связь жок аны менен. Ушул суроомо кенен маалымат берип койосузбу сураныч. Алдын ала рахмат.