Бир үйдө эки үй-бүлө жашайбыз. Балдарыма жөлөкпул алсам болобу?
Саламатсызбы! Мен үйдүн эң кенже келинимин. Кайын атам менен кайын энем пенсия алат. Үйдө эки келин жашайбыз. Кайын агамдын үйү жок болгону үчүн чогуу турабыз. Эки балам бар. Экөөно жөлөкпул алсам болобу? Уулумду айын жетпей төрөгөм. Башында суу бар деп диагноз коюлган, бат-баттан дарыланып турнабыз. Ошон үчүн, жөлөкпул алсам кичине болсо да өзүнө жарап турабы деп ойлоп жаткам. Күйөөм экөөбүз тең эч жерде иштебейбиз.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
Эгер бир нече үй-бүлө чогуу жашаса, алардын бюджеттери бир болсо, бул үй-бүлөнүн баардык кирешесин эске алуу менен “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелет. Бирок, алар менен чогуу жашаган улгайган адамдардын пенсиялары киреше катары эске алынбайт.
Ошондой эле, бир же бир нече үй-бүлөлөр чогуу жашаган мезгилде, үй-бүлөнүн бюджети бир же эки башка экенин тастыктаган айыл өкмөтүнөн документ талап кылынат.
Андан кийин, үйдөгү бир айлык жыйынды киршени бардык үй-бүлө мүчөсүнө бөлгөндө, ар бир үй-бүлө мүчөсүнө туура келген киреше, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 810 сомдон төмөн болгон учурда жөлөкпул чектелет, жогору болсо чектелбейт.
Балаңызды ооруганы боюнча медициналык-социалдык экспертиза комиссияларына кайрылууңуз керек. Эгер баланын мүмкүнчүлүгү чектлегендиги аныкталса, алар жазып берген корутундунун негизинде балага жөлөкпул чектелет. Бул жөлөкпул үй-бүлөдөгү кирешени эске албастан туруп дайындалат.
Ал үчүн сиз жашаган жериңиз боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылууңуз зарыл.