Бала эмизем, күйөөм курсагың эч эле тойбойт деп айта берет
Саламатсызбы. Балам 1 жаш 2 айга толуп калды, эмчектен чыга элек. Өзүм арыкмын, бирок күйөөм тамакты көп ичесиң, курсагын эч эле тойбойт, деп айта берет. Бул сөзү менден аянып, тамакты тыйгандай сезиле берет.
Негизи эле эмизгенде көп тамактанган нормалдуу эле көрүнүшпү? Жооп бергилечи, суранам?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Эмизип жаткан учурда мурункудан көбүрөөк тамактануу нормалдуу. Эгер тамак жегиңиз келип жатса, демек организм ошону талап кылып жатат.
Ошол эле учурда үй-бүлөдөгү кырдаал да терс таасирин тийгизип жаткан болушу мүмкүн. Балким сиз депрессияга туш болуп жатасыз, ошондон улам, канча тамак жеп жатканыңызды байкабай калышыңыз да толук ыктымал.
Анын үстүнө балаңыздын тынчы кетип жаткан учуру, ар дайым кыймылда жүрөсүз. Басып калган баланы багуу көп энергияны талап кылат. Ал эми адам энергияны кайдан алат? Туура, тамак аштан.
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Табият эне менен баланы ушундай кылып жараткан, бала эненин сүтү аркылуу тамактанат. Бул факт.
Мени башкасы таң калдырып жатат. Эмне үчүн күйөөңүз сизден тамак аяп жатат? Же ал баласынын толук кандуу тамактанып, курсагы ток болушун каалабайбы? Сиз анын мындай сөздөрүнө эмне деп жооп бересиз?
Эмне үчүн өзүңүзгө мындай мамиле кылууга уруксат берип жатасыз? Бала эмизип жаткан кезде ушундай сөздөр чыгып жатса, бала чоңоюп эмчектен чыккандан кийин күйөөңүз асыла турган башка нерсе табат.
Мындайда сиздин позицияңыз бекем болушу керек. Эмизип жаткан учурда адаттагыдан кобүрөөк тамак ичүү – бул НОРМАЛДУУ.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.