Мурунку күйөөм жалаа жаап үстүмөн арыз жазды. Кандай укуктарым бар?
Биринчи никемден эки уулум бар. Аларды төрт жыл мурун өз атасына бергем. Анткени мен чет өлкөгө иштегени кетип жаткам. Бирок мен балдардан баш тарткан эмесмин. Колумдан келишинче тапкан акчамды салып жардам берип турчумун.
Ушул жылдын 2-июнунда балдарыма алып келген кийим-кечекти жеткиргени барсам, чоң энеси, байкеси бизди таш менен кууп, кол көтөрүп кууп чыгып салышкан.
Учурду пайдаланып мага жалган-жалаа жаап үстүмөн арыз жазып салган. Милиция мени чакырды, болгонун болгондой айтып бердим. Эми эки тарапты беттештирет экен. Кандай чара колдонсом болот? Мен укугумду билгим келет.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Милицияга өзүңүздүн жактоочу мене бирге барыңыз. Жалгыз барбаңыз.
Балдарды көрүп, алар менен баарылашып турууга укугуңуз бар. Эгер такыр эле көрсөтпөй жатса Социалдык коргоо уюмунун Балдарды коргоо бөлүмүнө арыз менен кайрылыңыз. Алар арыздын негизинде баланы көрсөтүп туруу боюнча түшүндүү иштерин жүргүзөт. Ага да макул болушпаса сотко балдарымды көрсөтпөй жатат, алар менен жоолугуп турууга график түзүп бериңиз деп, арыз менен кайрылыңыз.
Ошондой эле өзүңүзгө каршы көрсөтмө бербөөгө укугуңуз бар.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.