Жолдошумдун мурунку аялы менен ЗАГСы бар, үйүбүздү тартып албайбы?
Менин үч балам бар. Жолдошумдун мурунку аялынан бир баласы бар. Ал аялы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмес. Мен болсо жарандык никеде гана жашап жүрөм. ЗАГСты кестир десем ар кайсы шылтоону айтып макул болбойт. Үйүнөн башка эч нерсеси жок. Эгер ажырашса үйдү тартып алып койбойбу деп кооптоном. Анткени ал мыйзамдуу түрдөгү аялы. Документ керек болсо экөөнүн ЗАГСын, үйдүн документин колдонот. Өзүмдүн үйүмдө жашагандай болбойм.
Эмне кылсам болот? Аталык укуктан ажыратып балдарымды өзүмө өткөрүп алсам болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Бул жердеги биринчи маселе ажырашуу. Эгер эки тарап тең ажырашууга макул болсо сот себебин сурабай эле ажыраштырып коет. Никени бузуу үчүн экөөнүн бирөөсү сотко кайрылышы керек.
Ортолорунда баласы бар экен. Сот ажырашуу учурунда тараптардын бирөөсүнүн талабы боюнча, ортодогу мүлктү бөлүү маселени козгойт.
Ортодогу үй экөөнүн жалпы мүлкүнө киреби же кирбейби? Башкача айтканда экөө бирге жашап жүргөндө бирге курган үйбү? Же ал үй жолдошуңузга белек катары же мурас катары өткөнбү? Эгер мурас же белекке берилген үй болсо анда мурунку аялына тиешеси жок болот.
Аталык укуктан ажыратуу үчүн атайын бир себептер керек. КРнын Үй-бүлө кодексинде балдарын бакпаса, тарбиясы менен иши жок болсо, алимент төлөбөсө аталык укуктан ажыратса болот деп көрсөтүлгөн. Анан сиз аталык укугунан ажыраткыңыз келсе эле ажыратып коюу мүмкүн эмес. Аталык укуктан ажыраткан күндө деле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн атасынын аты-жөнү өчпөйт.