Кайын энем үйдөн кууп салды. Эмне кылсам болот?
Турмушка чыкканыма 3 жылча болуп калды. Жолдошум 7 бир тууган, улуу бир кайын агам бар. Кайын агам эки баласы жана келинчеги болуп мен келгенден бери бөлүнө элек. Күйөөм, балам, күйөөдөн чыккан кайын эжем бир кызы менен жашап жүргөндө абысыным артымдан кайын энеме жамандап жүрүп көчөгө чыгартып койгон.
Биз ошол эле айылдык бирөөнүн үйүндө убактылуу жашап жатабыз. Эч нерсебиз жок. Жетишпеген жашоо кыйнап жиберди. Үй, жер талашып урушабыз.
Болгон мүлктүн баары кайын атам каза болгондо автоматтык түрдө кайын энеме өткөн экен. Кайын энем болсо, Москвага барып иштеп келгиле деп, бизди тынч жашатпайт. Кайын агамдын болсо үйдөн бөлүнөйүн деген оюу жок.
Кайын энем бизди үйдөн кууп чыкканы аз келгенсип, бизди иштетип үйүн ремонт кылдырат экен. Күнүгө күйөөм экөөбүздү уруштуруп кетет. Мен болсо иштесек өзүбүз үй салабыз же сатып алабыз деп болбойм. Алардын үйүн оңдоо үчүн иштеп берсек, кайрадан бизди кууп чыгып салсачы.
Кандай кылсак болот? Кайын энем мен өлсөм үй силерге калат дейт. Бирок эч кандай документи жок.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Эгер үйдүн эч кандай документи жок болсо, алгач документ жасатуу керек. Ал үчүн үй кимден кимге кандай жол менен өткөнүн билип, айыл өкмөткө же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына (мэрия) кайрылып тактоо керек. Ал жактан үйдүн дарегин айтып үйдүн кимге берилгенин сурап, токтомдорун алуу зарыл. Же болбосо Мамлекеттик каттоого барып үйдүн дарегин айтса, үй кимге таандык экенин же базада бар, жогун тактап берет. Бул биринчи маселеңиз.
Кийинкиси өз ара сүйлөшүп чечүүчү маселе экен. Мындай учурда мыйзамга таянып үй буга таандык дей албайбыз. Бул кайын ага, кайын эне, жолдошуңуз менен чечишчү көйгөй.
Эгер иштеп өзүңүздөр үчүн үй салсаңыздар, анда бир иштеп тапкан акча, курган үй нике учурундагы жалпы мүлк болуп эсептелинет. Бирок ошол мүлктү өзүңүздөргө катташыңар керек. Ал үчүн үй сиздердин наамдагы жерге салынышы шарт.
Эгер андай болбосо, ошол үйгө сарыпталган сумманы далилдөөчү кагаздар болушу абзел. Ал үчүн усталар менен келишим түзүп, короткон ар бир сумма үчүн квитанция чогултуу керек болот. Кыскача айтканда ар бир чыгымды далилдөөчү кагаздар жана келишимдер керек.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.