Эки күндүн биринде уруш чыгара берип сыйым кетип калган. Психологдун кеңеши
Турмушка чыккам, жашым 24тө, бир кызыбыз бар. Үйлөнгөндөн баштап жолдошум биздин жаныбызда иштечү, 2 жыл өткөн соң таксист болуп иштеп калды. Үйгө 5-6 күндө бир келет. 1 күн турат дагы, кайра эле иштеп кетет. Кызым экөөбүзгө жетээр жетпес акча берет, бизге көңүлү да жоктой. Андай-мындай алып бер деп кыйнабайм. Акчасын менден жашырат.
Күнөө өзүмдө экенин түшүнүп турам. Эки күндүн биринде жолдошум менен уруша берип сыйым кетип калган.
Мурда телефонун мага карматчу, азыр такыр бербейт.
Кантип жакшы аял боло алам?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Эгер сиз өзүңүздү-өзүңүз экинчи планга жылдырып, ыңгайлуу аял болуп жатсаңыз, күйөөңүз өзү эле сизге көңүл бөлүп, кем-карчыңызды толуктамак беле? Сиз бул ситуацияны өзүңүз жараткан экенсиз.
Учурдагы башкы максатыңыз, эмнени каалап жатканыңызды ойлонуп, жакшылап түшүнүп алыңыз. Каалоо-тилектериңизди ачык айтканды үйрөнүңүз. Курмандыктын образынан чыгыңыз.
Ичиңиздеги ар дайым кабагын түйүп, нааразы болгон аялды жок кылыңыз. Жолдошуна жылмайып сүйлөгөн, ага ыраазы болгон жубайга айланыңыз. Андан жардам сураңыз, сизге жана балага эмне керек болуп турганын жайдары айтыңыз. Көңүл бурганы үчүн, майда белек-бечкектери үчүн рахмат айтууну унутпаңыз. Көч жүрө-жүрө түзөлөт, демекчи акырындык менен сый дагы кайтып келет.
И баса, эч качан жолдошуңуздун телефонун албаңыз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Бул жактан окусаңыз болот:
Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалышат? Анын терс жактары