Варикозду йод сүйкөп дарыласа болобу? Флеболог жооп берет
Саламатсызбы. Варикоз болгондо йодду торчо кылып сүйкөсө кетет, деп уктум. Ушул чынбы? Жасай берсем болобу?
Дмитрий Алексеев
"Флебоцентр" клиникасынын директору, флеболог
Саламатчылык. Эмнеден улам варикозду йод менен торчо кылып сүйкөп кайсо айыгып кетет, деген ойго келгениңизди түшүнүү мен үчүн кыйын болуп турат. Мындай миф эмнеден улам пайда болгонун да билбейм. Бирок йоддун варикозду дарылоого эч кандай тиешеси жок.
Кан тамырлардын кеңейип варикоз болушу - бул олуттуу оору. Аны өз алдынча үй шартында дарылоо мүмкүн эмес. Сөзсүз адиске кайрылуу зарыл.
Мен сизге бир гана кеңеш бере алам, флебологго кайрылганга чейин компрессиондук “чулки” сатып алып кийсеңиз болот. Башка профилактикалык чараларды көрүү өтө кооптуу.
Варикозду убагында дарылабай көпкө созо берсе, кан тамырларда тромб пайда болот. Бул өз кезегинде бейтаптын акырындык менен буту баспай майып болуп калышына алып келет.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.