// //

Күйөөм экөөбүздүн 350 миң сом карызыбыз бар. Ажырашсак мен төлөп каламынбы?

2019.11.26, 09:49
1532

Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашып жатабыз. Эки балабыз бар, уулусу эки жашта, кичүүсү сегиз айлык. Экөөбүз чогуу жашап жүргөндө элдерден менин атымдан процентке эки жүз миң сомдой акча алганбыз, андан тышкары менин атымда дагы 150 миң сомдой кредит бар. Бул акчаларды мен төлөп каламынбы?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.11.2019, 09:50

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Тилекке каршы, сиздин атыңыздан алынган карыздарды өзүңүз төлөп каласыз. Жолдошуңуз менен жарашуу мүмкүнчүлүгү болсо, ажырашпай койгонуңуз жакшы деп эсептеймин. Эгер такыр эле бирге жашоо болбой калса, анда күйөөңүз менен карыздарды чогуу төлөө боюнча келишим түзүп алсаңыз болот. 

Насыя маселесине токтолсок, эгер кредит алып жатканда күйөөңүз макулдугун берип, кепил берүүчү болуп өткөн болсо, сиз кредитти төлөй албайм деп чыксаңыз, милдет күйөөңүзгө жүктөлөт. Бирок, банк биринчи кезекте сизди издеп таап, сизден талап кылышат. Карызды төлөөдөн баш тартсаңыз, сизди сотко беришет.  

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
26.11.2019, 10:37

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Банктан же микрокредиттик компаниялардан насыя алабы, жарандын нике күбөлүгү болсо, айтылуу уюмдар “жолдошуңузду же келинчегиңизди ээрчитип келиңиз, анын уруксаты жок бере албайбыз”,- деп айтышат. Албетте, анан жубайы келип, “мынча суммадагы насыя алганына макулмун”,- деп жазуу түрүндө арыз жазып, кол коюп берет. Демек, бул экөө тең алган дегенди түшүндүрөт. Ошол күндөн баштап кредиттин милдети экөөнө жүктөлдү деп эсептей беребиз. Мүлктү тең экиге бөлүп жатканда укугу кандай болсо, мыйзам чегинде милдети да тең экиге бөлүнөт. Мисалы, төлөөргө келгенде, элүүдөн-элүүдөн бөлүүгө тең укуктуу.

Мисалы, кредит аялынын атына катталып калды дейли. Карызды төлөөргө келгенде банк биринчи кезекте, аялына чалып, андан доолай башташат. Бул учурда аял айла жок карызды төлөшү керек болот. Тилекке каршы, мындай учурларда, эмнегедир аялдар жолдошуна чалып, чогуу төлөө аракетин жасашпайт. Ал аял төлөп баштаганы менен, никени факт жүзүндө бузулганга бузганга чейин, жубайлар кредитти чогуу төлөдү деп эсептелет. Нике кыркылган күндөн баштап, аялыбы же күйөөсү төлөйбү, чектерди чогултуп, “мына, күрөөдөгү мүлктү алдырып жибербейин деп, калган эки жүз миң сумманы мен төлөдүм”, - деп, эки жүз миңдин жарымын күйөөсүнөн же аялынан өндүрүп алуу үчүн, сотко өткөрүп берүүгө толук укуктуу.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт