// //

Айылдан өзүмдү бактысыз, ийгиликсиз, жүдөө сезе берем. Психолог жооп берет

2019.11.25, 14:26
1321

Саламатсызбы! Мен да суроомо психологдон жооп алгым келет. Жолдошум жана 3 балам болуп айылда турам. Айылдан өзүмдү бактысыз, ийгиликсиз, жүдөө сезе берем. Шаарга кетким келет. Шеллак жасап, чачымды жасатып, дүкөндөрдү кыдырып жүрсөм бактылуу болчудай сезиле берет. Менин ушул оюм туурабы? Айылдык келиндерге кандай кеңеш бересиздер?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.11.2019, 14:29

Ширин Амантурова

Психолог

Саламатсызбы!

Ооба, баарыбыз билгендей эле айыл жергесинде шаарга караганда үй жумуштары көп. Мүмкүн сиз шаар жергесинде өсүп, айыл турмушуна анчейин көнбөй жаткандырсыз.

Сизден сурагым келип турат, айылда жашаган адамдардын баарын ийгиликке жетпеген, бактысыз деп ойлойсузбу?

Биринчи кеңешим жашооңузга болгон көз карашыңызды өзгөртүңүз. Айылда жашап өзүн караганга кантип болбосун?

Эгер каалооңуз күч болсо айыл жергесинде жашап деле өзүңүзгө кам көрсөңүз болот.  Мүмкүн бири-бирине окшош күнүмдүк турмушуңуздан тажап, шаарды эңсеп жаткандырсыз.

Бардык нерсени өзгөртүш сиздин колдо:

1. Убакытыңызды рационалдуу пайдаланыңыз.

2. Жашап жаткан чөйрөңүздөн кандайдыр бир позитив көргөнгө үйрөнүңүз.

3. Өзүңүз пландап жүргөн ишти ишке ашырууга бел байлаңыз.

Жакшынакай, сулуу болуу шаарда же айылда жашагандан эмес – өзүңүздөн көз каранды.

Ийгилик!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт