Жолдошум мурунку аялындагы кызына 3000 сом алимент төлөй баштады. Ушул туурабы?
Жолдошум биринчи никесиндеги кызына 2000 сом алимент төлөйт. Эми болсо соттон кагаз келиптир, мындан кийин 3000 сомдон төлөшү керек экен. Ушул туурабы? Өзүбүздүн дагы балабыз бар. Биз Москвада иштейбиз, мүмкүн болсо кенен маалымат бересизби.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кенен маалымат берүүнү суранган экенсиз. Бирок алиментке тиешелүү болгон документтерди көрбөй туруп толук түрдө малымат берүүгө болбойт.
Эки тараптын бири-бири менен келишип, биринин пайдасына төлөнүп берилчү же сот тарабынан өндүрүлүп берилчү каражат бул - алимент.
Бир балага алименттин суммасы жолдошуңуздун тапкан кирешесинин төрттөн бир бөлүгү берилүүсү керек. Эгерде жолдошуңуз эч жерде иштебесе анда алименттин суммасы орточо эмгек акы менен эсептелинет.
Күйөөңүздүн иштеген орду алмашканы үчүн биринчи жубайы алиментти көбөйтүп берүүнү талап кылып сотко кайрылган окшойт.
Орточо эмгек акынын өлчөмү жөнүндө бул жерден таанышсаңыз болот. http://stat.kg/ru/news/o-srednemesyachnoj-zarabotnoj-plate-v-yanvare-marte-2019-goda/
Эгер бул чечимге макул эмес болсоңор сотко арыз менен кайрылгыла.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.