Германиядан тоок жана өрдөктүн этин жегенге динибиз уруксат береби?
Саламатсызбы! Мен азыркы учурда Германиядамын. Бул жактан адал эттерди табуу кыйын. Өрдөк жана тоок сыяктуу канаттуулардын этин жегенге динибиз уруксат береби? Чочконун жана адал союлбаган малдын этинен башка дагы эмнелерди жегенге болбойт? Жоопту чыдамсыздык менен күтөм. Алдын ала чоң рахмат!
Кадыр Маликов
Теолог
Германияда абдан көп түрктөр, арабдар жашайт. Алар көп халал нерселерди сатышат, мисалы, базарлардан адал эттерди ж.б тапса болот. Бүгүнкү күндө Европадан адал азыктарды табуу оңой: издеп жатканда интернет же тааныштарды колдонуу дегендей.
Тоок жана өрдөк этине токтолсок, бул жерде суроо жана эки түрдүү пикир бар. Жалпысынан айта кетсем, тоок менен өрдөктү союп жатканда кан чыккыдай кылып моюн артериясын сөзсүз кесүү керек. Көп учурда, Германияда жана башка өлкөлөрдө өрдөк менен тоокту ток менен урат, ал өзү өлүп, кан чинде калып калат, бул биринчиден. Экинчиден, аларды союп жаткан адамдардын көбү атеист болуп калышы мүмкүн. Андыктан, сиз жеп жаткан азыктарыңыздын адал болуусун жакшылап көзөмөлдөшүңүз керек.
Адал дегенге чочко этине болгон тыюу салуу гана эмес, малды, тоокту же ошол эле өрдөктү союп жаткан учурдагы эрежелердин сакталышы да кирет. Мисалы, малды союп жаткан адам динге ишенген бирөө болуусу керек: мусулман, христианин же еврей. Бүгүнкү күндө Германияда атеисттер көп. Эгер атеист «Бисмиллях» сөзүн айтып сойгону менен атеист экенин ачык айтса, анда ал сойгон жандыкты жегенге болбойт. Эң эле болбоду дегенде, адам ачкадан өлүп баратса гана уруксат берилет.
Бирок, сизде ар дайым альтернатива бар, балык, макарон, консерва дегендей. Адал эт тапса болот, себеби учурда Европада арабдардын, түрктөрдүн чоң диаспоралары бар. Алар Германиядан эмне жейт? Албетте, баары болбосо да, көпчүлүгү адал продукция жешет.
Андыктан сиз, бул нерсе кармалып калбай (зацикливаться), жөн гана адал азыктарды издеп таап, жегенге ниет кылыңыз. Эгер адал эмес азык туш келип калып, аны билбестиктен же унутуп жеп алсаңыз, бул жерде күнөө жок. Болгону бир аз аракет кылып таза тамак жеңиз.
Мисалы, еврейлерди караңыз, алар өздөрүнүкүн карманышат, учакка отурардан мурун, “кашерный” ашканага буйрутма беришет, алардын буйругун аткарышат. А биз мусулмандар, бул тууралуу ойлонбой жана аракет кылбай эле, чочконун этин жебесе болду деп, эмне берсе ошону жей беребиз. Адал деген мындан дагы кең, бул ден соолук үчүн, эң негизгиси кудай алдындагы тазалык.