Жеңем балдарды көрсөтпөй бизди кууп чыкты. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Менин жеңем жөнү жок үйүнө кетип кала берет. Мурда жалынып-жалбарып жүрүп алып келчүбүз. Мунусунда эч кимибиз барбай койдук. Кеткенде балдарды такыр көрсөтпөйт. Азыр да үйүнө барсак, көрсөтпөй кууп чыкты. Сот ЗАГСты үч ай аралыгында кесет экен. Биз бул убакка чейин балдарды кантип көрсөк болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө жөнүндөгү кодексинин 72-беренесинде "Бала менен чоң атасы, чоң энеси, таята, таянеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси, жана дагы башка туугандары катташууга укуктуу" деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, бул берененин 2-бөлүгүндө "Эгерде ата-энеси (алардын бири) баланын жакын туугандары менен катташуусуна мүмкүнчүлүк берүүдөн баш тартса, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ата-энени мындай катташууга тоскоолдук кылбоого милдеттендирет" деп айтылган.
Демек, силер социалдык коргоо башкармалыгына балдарды көрүүгө тосколдук кылып жаткан фактысы боюнча арыз менен кайрылууңар керек. Эгер, балдардын апасы социалдык коргоо уюмуна баш ийбей, балдарды көрсөтүүдөн баш тартып жатса, анда сотко арыз жазгыла.