// //

Балам сабак окугусу келбейт, ага телефон болсо эле болду. Психолог кеңеш берет

2019.11.25, 10:17
1489

Саламатсызбы. Балам экинчи класста окуйт. Биринчи классынан эле сабакка көңүлү жок. Урушуп да мактап да көрдүк, жыйынтык жок. Ага телефон болсо эле болду. Кантип сабакка кызыктырсам болот? Кеңеш бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.11.2019, 10:18

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун адиси, психотерапевт

Саламатчылык!

Эгер биринчи классынан баштап эле баланын окууга көңүлү жок болсо, демек билим алуу жагынан көйгөй бар. Мектеп программасын кабыл алууда, же өзү курактуу балдар менен баарлашууда көйгөйлөрү болушу мүмкүн. А балким, мугалим менен тил табыша албайт?

Эгер балаңыз жакшы окуса бирок, мектепке баргысы келбесе, демек коммуникациялык жактан маселелер бар. Бала адамдар менен мамиле кура албайт. Мындай учурда психологго кайрылып көрүңүз.

Ал эми начар окуп, окуу программасын кабыл ала албаса, артта калса, демек невропатологго кайрылуу керек.

Андан тышкары сабакты бала менен бирге окуп, урушпай түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Кичинекей болсо дагы ийгиликтерин баса белгилеңиз.

Колдон келсе, 13-14 жашка чейин телефон колдонууда чектөө коюу керек. Мисалы күнүнө 1-2 саатан ашык эмес.

Ийгилик!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт