Кореялык айдолдор курбумдун жашоосунун бир бөлүгүнө айланган
Менин жакын курбум бар, 17 жашта. Ал баарына эле ачылып сүйлөй бербейт. Сабакты жакшы окуйт, келбети жаман эмес, динден кабары бар. Бардыгын терең ойлонуп чечим чыгарат, айткан сөзүнө бек турат.
Өзү теңдүү кыздарга окшоп жигиттер менен сүйлөшүп, жолугушууга шашылбайт. Анын башкы сүйүүсү - бул кореялык ырчы жана актерлор. Курбум жөн гана жактырып, ырын уккандардан эмес. Айдолдор анын жашоосунун бир бөлүгүнө айланган. Башкалар бул кызыгуусун шылдыңдап “аларды көрүүң да мүмкүн эмес” - деп айтышса, кадимкидей ызаланып, эл көрбөгөн жерге барып алып ыйлайт.
Эмне кылса болот? Курбусу катары кандай жардам көрсөтө алам?
Виктория Исакова
Психолог
Саламатсызбы! Курбуңузга кам санап жатканыңыз, сиздин чыныгы дос экениңизди айгинелеп турат. Ал абдан сезимтал, кыялкеч, чыгармачыл жан окшойт. Фантазияларга берилип, жомокторго ишенип, ак боз ат минип келген ханзаадасын күтөт. Балким, курбуңуз балалыгынан али чыга элек.
Мунун бардыгы нормалдуу көрүнүш. Келечекте окууга тапшырат, студенттик күндөр, жумушка орношуу, реалдуу жигитти жактыруу деген көрүнүштөр алдыда.
Анын жашоого болгон көз карашы, принциптери, мүнөзү дагы далай ирет өзгөрөт. Ошондуктан, кыялдарын четке какпай, бирге кыялданып, келечекке пландарыңар менен бөлүшкүлө.
Бирге өткөргөн күндөрүңөрдү баалап, бактылуу болууга умтулгула.
Ийгилик!