Күйөөмдү оңдой аламынбы же бекер убакыт коротуп жатамынбы? Психолог кеңеш берет
Турмушка чыкканыма 16 жыл болду. Күйөөм кол көтөрөт, мени такыр аябайт. Төрт балалуу болдук, токтолуп урбай калабы деп үмүттөндүм эле. Тыйылган жок, болгондо да бардыгына мени күнөөлү, деп эсептейт.
Мага эле кыйын боло берет. Өзү чечкиндүү эмес, үй-бүлөсүн оңураак бага албаган эркек. Өзүн карап, жакшы алып жүргөндү билбейт. Жуунуп, тазаланганды жаман көрөт. Жумуш кылгандан качат. Ага телевизор, интернет анан тамак эле болсо болду.
Түйшүктүн баарын өзүм көтөрүп жүрүп көндүрүп коюптурмун, үйдө эркек дагы мен, аял дагы мен болуп калдым. Тытынып, оокаттын бардыгына жетишкенге аракет кылсам дагы күйөөмө жаккан жокмун, болоор-болбос шылтоо менен токмоктоп салат.
Таарынышканда эки бөлөк жатабыз. Кечирим сурагысы келбейт, абдан көк бет. Мен дагы өз жайына койчу болдум. Ошентип жүрүп, айлап, жылдап сүйлөшпөгөн, бир төшөккө жатпаган күндөрүбүз өтөт.
Түшүнүксүз кыялын кантип оңдосом болот? Же убактым бекер өтүп кеттиби?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Билесизби, адам бир гана учурда оңолушу мүмкүн, өзү каалап турганда. Бирок менин түшүнгөнүмө караганда, күйөөңүз оңолууга шашкан жери жок. Анын жашоосу эң сонун өтүп жатат да, туурабы? Тамак ар дайым даяр, телевизор бар, интернет бар. Сиз ал кыла турган иштин бардыгын бүтүрүп коет экенсиз. Эркек дагы аял дагы менмин, деп жатасыз. Бардыгы эң сонун системага келтирилген жана күйөөңүз үчүн комфорттуу калыпка түшкөн.
Мени кызыктырганы, сизди итиндей да көрбөгөн эркек менен бирге жашоодон эмне таптыңыз? Ортоңордо кандай баалуулуктар бар?
- Көп каражат табабы?
- Төшөк маселесинде сизди канааттандырабы?
- Сизди сыйлап, урматтап, жылуу мамиле жасайбы?
Жок. Кайдан? Тескерисинче, урганга шылтоо эле издеп турат экен. Эмне үчүн өзүңүздү күн мурунтан көмүп жатасыз?
Балдар тез эле чоңоет. Ар кимиси өз ордун, өз бактысын издеп, өз үй-бүлөсү менен алек болушат. Сиз эмнеңиз менен каласыз?
Менимче, ар бир адам өз жашоосун кандай кылып жашашты өзү чечет. Бактылуу болуудан коркпоңуз!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.