// //

Баланын бою нормалдуу түрдө канча болуш керек?

2019.11.21, 10:26
6512

Саламатсызбы. Баланын бою нормалдуу түрдө канча болушу керек экенин айта аласызбы? Менин балам 1 жаш 7 айда.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.11.2019, 10:31

Эдиль Садыков

Педиатр

Саламатчылык. 5 жашка чейинки баланын боюн жана салмагын үй-бүлөлүк дарыгер өлчөп, стандарттык таблица боюнча аныктайт. Ал көрсөткүч салмагына жараша эсептелип чыгарылат.

ЮНИСЕФ КРдин саламаттыкты сактоо жана КРдин Билим берүү жана илим министрликтеринин колдоосу менен чыгарган “Баланын төрөлгөн күнүнөн баштап 7 жашка чейинки өнүгүү күндөлүгүнө” ылайык, 1 жаш 7 айлык баланын

  • салмагы 8 кг 800граммдан - 14 кг чейин болушу норма болуп саналат.
  • бою 77 смден – 88 смге чейин болууга тийиш.

Кыз баланыкы

  • салмагы 8 кг 500 граммдан – 11 кг 500 граммга чейин
  • бою 75 смден – 87 смге чейин болууга тийиш.

Бирок баланын бою жана салмагын өлчөгөндө сөзсүз анын ата энесинин параметрлерин, генетикасын эске алуу керек.

Балаңыз ден соолукта болсун!

0
Пайдалуу жооп
Ж
Жусупбаева Айкен
22.11.2019, 13:29

Студенттер учун кенээн  толук айтсаныз да жакшы болмок ,анткени оз тилибизде ото медицина боюнча маалымат аз!

0
Пайдалуу жооп
Ж
Жусупбаева Айкен
22.11.2019, 13:29

Студенттер учун кенээн  толук айтсаныз да жакшы болмок ,анткени оз тилибизде ото медицина боюнча маалымат аз!

0
Пайдалуу жооп
А
Айдарали кызы Фатима
09.05.2021, 08:35

Саламатсызбы кызым 2 жарым жашта бою салмагы канча болушу керек

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт