// //

Келинди басынтып кордук көрсөткөндөргө динибиз эмне дейт?

2019.11.19, 10:07
1906

Саламатсызбы! Келин болгонума үч жыл болду. Бир балам бар. Жаңы турмуш курганда кайын-журтум менен төрт ай жашап, Россияга кеткенбиз. Андан кийин, балам менен Кыргызстанга бир барып келдим. Кайын энемдин колунда менден башка дагы эки келини бар. Алар менен батышуу кыйын болду. Жанымда күйөөм жок стресс болуп жүрдүм. Кайра Россияга кетейин дегенде кайын-журтум, "барбай эле кой, балаң менен күйөөңдүн тапкан акчасын жейсиң",-деп туруп алышты. Жолдошум болбой балам менен алып кетип калды. Ошол күндөн бери кайын-журтум менен катышкым келбейт. Көңүлүмдү аябай калтырышкан. Ал жакта жүргөндө ар бир күнүм тозок менен өттү. Алар бул жасаганы үчүн кудай алдында жооп береби? Алар менен катташпай койсом күнөөгө батамбы?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.11.2019, 10:10

Бактияр Токтогазы уулу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси 

Адептүү, тарбиялуу үй-бүлө келинине өз кызына жасагандай мамиле кылат. Бул диндин, коомчулуктун, салттын талабы. Ал эми кээ бир жерде келинди басынтып киши катары көрбөгөн адамдар да бар. Бул туура эмес, күнөө. Себеби ал дагы бирөөнүн кызы. Мисалы, ошол үй-бүлө элестетиши керек, ал деле келин алгандай кызын башка бир бүлөгө берип жатат дейли. Ал кызына кайын-журту келинине жасаган мамилени кыла турган болсо, өздөрү ушуга чыдайбы, ыраазы болобу, ыраа көрөбү. Эч ким макул болбойт, баары жакшы мамиле күтүшөт. Ошондуктан, келинге өз кызындай мамиле кылуу керек. Албетте, бул адамдар туура эмес мамиле кылганы үчүн кудай алдында жооп берет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт