// //

Жолдошум мени менен тойлорго баргысы келбейт. Уялат окшойт

2019.11.18, 15:38
2289

Жолдошум экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп баш кошконбуз. Жакшы эле тааныгандай болгом, бирок мүнөзүн толук билбептирмин.

Кудайга шүгүр 5 айлык балабыз бар. Мени тынчсыздандырганы жолдошумдун мамилеси. Боюмда бар кезде, кел сыртка чыгып сейилдеп келебиз, же паркка барып келели деген сунушума, “Челкейип, кантип барасың?” – деген. Бул сөзү мага катуу тийди. Олтуруп алып ыйладым, бирок өзүнө унчуккан жокмун.

Тойлорго чакырлуулар келет, “барабызбы” - деп сурасам, “жок, өзүм эле барып келейин, сен үйдө эле бол” - дей берет. Же менден уялабы, түшүнбөйм.

Балалуу болгондон кийин өзгөрөбү, деп үмүттөнгөм, андай болгон жок. Баягы эле адаттары калды. Өзү бир жака барып келет, а биз үйдө калабыз. Үйгө келгенде дароо уктайт, мени менен отуруп сүйлөшкүсү келбейт.

Же башка үй-бүлөдо да ушундайбы? Кээде турмушка чыкканыма өкүнөм. Кимибиз өзгөрдүк жолдошумбу же менби? Эмне кылыш керек?

Асель Баимбетова

Психолог

Балаңыз беш айга чыгып калса, демек баш кошконуңарга 1-1,5 жыл болуп калса керек. Үй-бүлөлүк жашоо башталгандан кийин адамдар бири-бирин жакындап таанып, чыныгы жүзүн көрүшөт. Анан ушул кишиге баш кошуп, үй-бүлө куруп туура кылдымбы деген суроолор, күмөн саноолор пайда болот.

Кыз-жигит болуп жүргөндө, адамдар жактырган кишисине жагымдуу көрүнгүсү келип, өздөрүн башкача алып жүрүшөт. Ошондон улам көңүл калуулар болушу мүмкүн. Бирок бул нормалдуу нерсе.

Анын үстүнө экөөңөрдүн тең учурда ролдорунар өзгөрдү. Мурда кыз-жигит элеңер, андан кийин аялы-күйөөсү болдуңар, эми жаш ата-энесиңер. Үй-бүлөңөр эки кишиден эмес, үч кишиден туруп калды.

Ошондой эле, күйөөңүздүн бир туугандарын, атасын байкап көрүңүз: алардын жүрүм-туруму, аялдарына кылган мамилелери кандай? Үй-бүлөсүндө кандай тартип, кандай шарттар бар? Балким, болгон мүнөзү ушундай?

Колдон келсе интернеттен изденип үй-бүлө жөнүндө түрдүү маалыматтарды окуңуз. Үй-бүлө кургандан кийин адамдардын психологиясы кандайча өзгөрөт. Эмнелерге көңүл бөлүү керек? Кандай этаптар болушу мүмкүн?

Күйөөңүзгө каалоолоруңузду ачык айтыңыз. Башыңызды жерге салбаңыз, бардыгы жакшы болот.

Бермет Уланова

Гештальт консультант

Урматтуу айым, экөөңөрдүн ортоңордо түшүнбөстүктөр бар экен. Менин сизге бере турган суроолорум жана сунуштарым бар?

  1. Сиз ага өзүңүздүн сезимдериңиз жана каалоолоруңуз тууралуу ачык айттыңыз беле? Эмнеге сиз менен сейилдегиси келбейт? Эмне үчүн тойго алып барбайт? Сени менен бирге убакыт өткөргүм келет деп айтасызбы? Балким, мындай мамилени жолдошуңуз кам көрүү деп эсептейт. Кечке сейилдегенде чарчайт, кичинекей бала менен көпчүлүктүн арасында, тойдо жүргөндө кыйналып калат, деп ойлонуп жаткандыр. Ичиңерден бушайман болуп жүрө бербей, сүйлөшүңүз.
  2. Эмне үчүн сыртка чыгып сейилдеп келүү үчүн сөзсүз жолдошуңузду күтөсүз? Баланы алып, өзүңүз деле паркка барып келиңиз, курбулар менен кезиккиле, үйгө конок чакырыңыз. Кичинекей балага окшоп этектебей, күнүмдүк тиричилигиңизди кызыктуу жана натыйжалуу өткөргөнгө аракет кылыңыз.

Ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
20.11.2019, 13:26

Салам кандайсынар кыздар ыйманду кызда барбы турмуш курам деген whaWhats +996999141860

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт