Россиянын жараны болгон күйөөмдөн кантип алимент өндүрсөм болот?
Саламатсызбы! Күйөөм менен эки жылдан бери жашабайбыз. Ортодо 3 балабыз бар. Үчүнчү балам оорукчан болуп калды. Атасы бир да акча берген жок. Күйөөм өзү Россия жараны. Эки балам ошол жакта төрөлгөндүктөн, күйөөмдүн атында. Үчүнчүмдү Кыргызстанда төрөгөм. Жолдошум аябай куулук кылыптыр. Ортодо ЗАГСыбыз жок. Үч бала үчүн кантип алимент кырктырып алсам болот? Учурда ал Россияда.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Күйөөңүз менен өз ара келишип, аталыкты аныктоо мүмкүн болбосо, үч балага алимент өндүрүү тууралуу жашаган жериңиз боюнча сотко кайрылууңуз керек. Сот сиздин арызыңыздын негизинде алимент өндүрүү жөнүндө буйрук чыгарып берет. Ал буйрукту алып күйөөңүздөн алимент өндүрсөңүз болот.
Жолдошуңуз Россиядан келгенде алимент төлөп берет, же анын жашаган жерин так билсеңиз, анда алимент өндүрүү боюнча иш кагаздарын ал жакка жөнөтсө болот. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жарандык жана кылмыш иштери боюнча келишим бар. Ошол келишимдин негизинде биздин жарандар Россия өлкөсүндө соттун чечимдерин аткара алат. Сот алимент өндүрүү буйругун чыгарганда, буйрукту ошол соттун кеңсесинен дароо Россияга жөнөтсө болот.