Тизедеги суюуктук түгөнүп калса эмне кылыш керек?
Менин суроом төмөндөгүдөй: жашы 67де, тизесиндеги суюктук (жидкость) түгөнүп калса эмне кылуу керек? Бир жолу дары куйдурган, андан кийин куйдурбай койгон. Негизи үч жолу куйдуруш керек болчу экен.
Максат Мамасадыков
Травматолог
Биринчиден тизедеги суюктук түгөнбөйт. Муундарда сезгенүү процесси жүрүп жатканда суюуктук нормада бөлүнүп чыкпай калат.
Жөнөкөй эле мисал келтирип берсем, эшиктин майы калбай калганда кыйчылдап калат эмспи, ошол сыяктуу эле адамдын тизеси ооруганда ошондой болуп калат.
Сиз тизеси ооруп жаткан адамды дарыгерге көрсөтүңүз. Тизени рентгенге тартып, УЗИден көрүп, кошумча анализдерди тапшыртуу керек. Анан ошого жараша дарылануу курсун алса болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.