Айлык алгандардын балдарына жөлөкпул берилбейби?
Саламатсызбы! Биз эки балабызга жөлөкпул алчубуз. Аялым иштебейт, жакында өзүм мамлекеттик жумушка кирдим. Эми мага айлык чегерилсе жөлөкпул токтойбу?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоодо мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер каралат.
Ар бир үй-бүлө мүчөсүнө туура келген киреше, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 900 сомдон төмөн болгон учурда жөлөкпул чектелет, жогору болсо чектелбейт.
Демек, сиздин кайда иштеп жатканыңыз эмес, эмгек маянаңыз киреше катары эске алынат. Кирешеңиз белгиленген чектен ашып кетсе, жөлөкпул токтотулуп калышы мүмкүн.
Үй-бүлөнүн курамы же киреше өзгөрсө, 5 күндүн ичинде жашаган жериңиз боюнча шаардык жана райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууңуз керек. Алар кирешеңизди кайрадан эсептеп, балдарга жөлөкпул аласызбы же жокпу чечип беришет. Эгер бул өзгөрүүлөр тууралуу убагында айтылбаса, кийин алып жүргөн жөлөкпулдар мамлекетке төлөнүп берилет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.