Биринчи жолдошум менен кантип тез ажырашсам болот?
Биринчи күйөөм менен жашабай калганыма 8 жыл болду. Ортодо эки балабыз бар. Азыр экинчи турмуш кургам. Бирок биринчи жолдошум менен мыйзамдуу түрдө ажыраша элекпиз. Кош бойлуумун, жакында төрөйм. Балага күбөлүк алганга ЗАГС керек экен. Биринчи күйөөм менен тез ажырашуу үчүн эмне кылышым керек?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Ажырашуу үчүн сотко кайрылуу керек. Себеби ортоңордо жашы жете элек балдар бар экен. Өзүңүз же биринчи жолдошуңуз жашаган аймактагы сотко кайрылсаңыз болот. Доо арыз үлгүсүн бул жерден табасыз.
Андан кийин сот ажыраштыруу маселесин карайт, тез болгондо эки айдай убакыт кетет. Мурдагы жолдошуңуз сотко келип, ажырашууга макул экенин айтса, сот эч кандай ажырашуу себептерин тактабай туруп эле, ажырашуу боюнча соттук чечим чыгарат. Ал чечим бир айдан кийин күчүнө кирет, анан ажырашуу боюнча күбөлүк аласыңар. Сиз сотко өзүңүз же бирөөгө ишеним кат берип, аны катыштырсаңыз болот.
Эгер ЗАГС кыркылганга чейин көз жарып калсаңыз, төрөлгөн балага бейтапканадан маалымкат берилет. Ал маалымкатты алып, азыркы жолдошуңуз менен ЗАГСка барып, атасы бул деп аталыкты аныктап, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.