// //

Жигитимди жек көрөм, бирок жанында болгондо менден бактылуу адам жоктой

2019.11.06, 16:10
1330

Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө 4 жыл болду. Жакында эле классташ кызым менен да жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн билип калдым. Ал кыз акча сурап, ар кандай иштерине жардам берүүсүн суранчу экен. Ошон үчүн сүйлөшүп жүрдүк деди. Мен аны кечирдим. Бирок эстесем кайра жиним келип, экөөнү тең жек көрүп кетем. Ошол эле учурда, жигитимдин жанында жүргөндо бардык нерсени, таарынычымды унутуп коем. Менден бактылуу адам жоктой сезилет. Жигитимди жакшы көрөм, башка адамдын жанында өзүмдү элестете албайм. Өзүмдү түшүнбөй жатам. Кандай кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.11.2019, 16:11

Асель Баимбетова

Психолог

Сиздин катыңызды окугандан кийин сиз жигитиңизди эмес, өзүңүзгө элестетип алган бир “образды” сүйүп жүргөндөй сезим калды. Анын жүрүм-турумун, чыныгы адамдык сапаттарын көрбөй жатасыз, же көргүңуз келбейт. Ал сизге карата туура эмес кадамга барды. Жигитиңизди жек көрөсүз, ачууланасыз, бирок эмнегедир мамилеңизди улантып келесиз.

Ошондо, жигиттин өзүн сүйөсүзбү же анын жанында болгон маанилүүбү? Бул эки башка нерсе. Аларды айырмалай билүү керек.

Башкысы, алгач өзүңүздүн каалоолоруңузду, ички сезимдериңизди жана жан дүйнөңүздү түшүнүп алышыңыз керек.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт