Боюмда бар, бөйрөгүм ооруп жатат. Бал сүйкөсөм болобу? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы 3-4 жумалык боюмда бар. Бөйрөгүм ооруп кыйналып жатам. Таза асалдан 2 маал сүйкөсөң жакшы болот деп жатышат. Сүйкөсөм болобу? Балага зыяны жокпу?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Балдын бөйрөккө эч кандай тиешеси жок. Бөйрөк ооруп жатса дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырып, УЗИге түшүү керек.
Боюңда бар кезде бөйрөктүн тынымсыз ооруганы сезгенүү процесси башталгандын белгиси болушу мүмкүн. Дароо дарыгерге кайрылуу керек. Гинеколог анализге багыттама жазып берип, нефрологго көрүнүүгө жөнөтөт.
Адистер кош бойлуу кезде ичүүгө уруксат берилген антибактериалдык препараттардан турган дарылоо курсун жазып беришет.
Кош бойлуу келиндердин арасында бөйрөк ооруларынын ичинен эң көп кездешүүчү оору бул - пиелонефрит. Анын симтомдору төмөнкүдөй:
- бел же белдин капталы ооруйт;
- тамака болгон табити жоголот;
- дененин температурасы котөрүлөт;
- заара кылганда кыйналат;
- жүрөк айланып кусат;
- ашыкча тердейт.
Пиелонефриттин коркунучтуу жагы мөөнөтүнөн эрте төрөткө, же баланын организмдеги токсиндерге ууланып, калыптануусундагы кемтиктерге алып келиши мүмкүн. Эгер ооруну өз маалында аныктап дарылабаса өнөкөт формага өтүп кетет.
Ден соолукта болуңуз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.