// //

Аялымды каалабай калдым. Сексолог жооп берет

2018.10.19, 14:03
7989

Окурмандардын суроосуна КММАнын медициналык борборунун психотерапевти жана сексологу Илья Комаровер жооп берди. 

Саламатсыздарбы! Мен 22 жаштамын, күйөөм 26 жашта. Баш кошконубузга 4 жыл болду. Жолдошум жыныстык катнашка бат-баттан баргысы келет. Кээде тажап кетем. Бул нормалдуубу?

Баарынан мурун жубайлар ортосунда бирдей шарт болушу керек. Алсак, күйөөсү жумуштан келгенде диванга жатып телевизор көрөт. Бул убакта аялы тамак даярдап, балдарын карап, үй иштери менен алектенет. Күйөөсү эс алгандан кийин жыныстык катнашка барууну каалайт. Мындай болбойт! Алдын ала сүйлөшүп алуу керек. Эртең менен жумушка жөнөп жатып “Алтыным бүгүн мен сени каалап турам” деп кетсин. Келгенде даярбы же жокпу сурасын, мүмкүн эсинен чыгып кетти. Аял моралдык жактан даяр болгондо гана кошулуу керек. Нормалдуу үй-бүлөдө бул суроо эки тараптын макулдугу менен чечилет.

Мен сексуалдуу айым болгум келет. Сизден сурайын дегем, сексуалдуулук сулуулуктан эмнеси менен айырмаланат?  

Келиңиз, сулуулук эмне экенин карап көрөлү. Африкада жашаган  кыз сулуу болуу үчүн тиштерин аралап, кулак - мурдун тешет. Япониялык айым бийик такалуу бут кийим кийип, майда-майда кадам тайштайт. Сиз дагы аларды туурайсызбы? Албетте жок! Биздин маданиятыбыз башка, өзүбүздүн сулуулук тууралуу түшүнүгүбүз бар. Демек, сулуулук сексуалдуулуктан айырмаланып ар түрдүү болот. Сексуалдуулук - бул гормон бөлүнүп чыкса каалайсыз, чыкпаса каалабайсыз.

Эмнегедир аялымды каалабай калдым. Ден-соолугум чың, келинчегим деле татынакай. Жубайлар бири-бирине көнүп калса, жыныстык катнаштан алыстап кетеби?

Оба, баары монотондуу жашоодон болот. Жыныстык катнашты ар түрдүү кылуу керек. Күндө эртең менен ботко менен кофе иче берсең тажайсың. Бири-бириңерди сүйгөндөн кийин жагууга аракеттенгиле. Индиялыктардын жыныстык катнаш ыкмаларын колдонгула. Дайыма эле уктоочу бөлмөдө эмес, дачага, мейманканага, батирге же болбосо табиятка барып кошулгула. Балдарыңар же туугандарыңар тоскоол болуп жатса, аларга киного билет алып берип койсоңор эки сааттык убакыт пайда болот. Мамилени жандандыруу өзүңөрдөн көз каранды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт