Чоңоюп калган балдарым тилимди алышпайт, эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Менин 19, 17, 15 жаштагы эркек балдарым бар. Оңою менен угушпайт, кичине сүйлөсөм эле кыялдарын көрсөтүшөт. Тил албагынан катуу сүйлөп жиберем, кээде ыйлайм элдин балдары кандай эле угушат, деп. Кандай кылсам болот?
Асель Баимбетова
Психолог
Менин биринчи суроом, балдарыңыздын атасы кайда? Себеби бул жаш куракта өспүрүм балдар үчүн алар сыйлаган, алар үчүн аброю чоң, ошону карап түздөнүп, ошого окшош болгусу келген кишинин болушу маанилүү.
Сиздин ууладрыңыз чоңоюшту. Мурункудай күчкө салып, коркутуп бир нерсе кылдыруу мүмкүн эмес. Алар баягыдай кичине бала эмес. Чоңоюп калган балдар ата-энесине жардам берет: эгер ата-энесин аябай жакшы көрсө, сыйласа, жана боору ооруса.
Сиздин тилиңизди албаганы нормалдуу көрүнүш. Алар өздөрүнүн жеке позициясын, жеке көз карашын билдиргени үйрөнүшөт.
Балдарыңыздан бир нерсени жасап берүүсун талап кылып эмес, алар менен сүйлөшүп, кеңешип, акылдашып иш кылып көрүңүз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.