// //

Эмне үчүн эртең менен жыныс мүчө тик туруп калат?

2019.11.04, 14:41
6744

Эмне үчүн эртең менен жыныс мүчө тик туруп калат? Бул кандайдыр бир көйгөйдүн белгисиби? Кененирээк төмөнкү макаладан окуй аласыз. 

Бул эмнени билдирет?

Эртең мененки эрекция же эртең менен жыныс мүчөнүн тик туруп калышы көптөгөн эркектер үчүн кадыресе көрүнүш болуп саналат. Мезгил-мезгили менен ар бир киши эрекция менен ойгонот. Бул абал бардык курактагы эркектерге тиешелүү болгону менен, жаш жигиттерде көбүрөөк кездешет.

Көптөгөн адамдар эртең мененки эрекция сексуалдык стимуляциянын белгиси деп эсептешет, бирок дайыма эле андай эмес.

Себеби эмнеде?

Эртең менен жыныс мүчөнүн тик туруп калуусунун себептери көп. Дарыгерлерде эмне үчүн кээде эркектер эрекция менен ойгоноорун түшүнүүгө жардам берген бир нече теориялар бар, бирок бул теориялардын эч бирөөсү конкреттүү медициналык көрсөтмөлөр менен далилденген эмес. 

Мисалы, эртең менен жыныс мүчө туруп калат:

Физикалык стимуляцияда

Көзүңүз жабык болсо да, дене айланасында эмне болуп жатканын жакшы билет. Сиз же өнөктөшүңүз кокусунан жыныс мүчөңүзгө тийип кетсе, денеңиз стимуляцияны сезип, эрекция аркылуу жооп берет.

Гормоналдык өзгөрүүлөрдө

Тестостерон гормону эртең менен ойгонгондо эң жогору деңгээлде болот. Бул өз кезегинде эч кандай физикалык стимуляциясыз эле, эрекцияны пайда кылат. Улам улгайган сайын, тестостерондун деңгээли төмөндөп, эртең мененки эрекция азая баштайт.

6-8 жаштагы кичинекей балдар дагы бул абалга туш болушу мүмкүн.

Кимдерде болот?

Бардык курактагы эркектер эртең мененки эрекцияны сезе алышат. Бул деген эркектин дени сактыгынан, жыныс мүчөсүндөгү нормалдуу кан айлануудан жана нерв системасы жайында экенинен кабар берет. 

Маалымат бул жерден алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт