Насыяны төлөй албай калганда эмне кылуу керек?
Насыямды убагында төлөй албай калдым? Банк күрөөдөгү мүлкүмдү алып жатат. Банк менен кантип сүйлөшсөм болот?
Касымбек уулу Кубанычбек, ААК "Айыл Банктын” насыяларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчи адиси:
Насыянын мөөнөтү өтүп кетсе, зайымчы насыяны төлөп берүү тартибин өзгөртүү же мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч менен банкка кайрылууга укуктуу. Мисалы, насыя 3 жылга берилген болсо, 5 жылга узартууну өтүнө алат. Албетте, зайымчы төлөп берүүсүн тастыкташы керек.
Насыянын шарттары өзгөргөн учурда, кошумча пайыздар менен комиссияларды төлөп калышы мүмкүн экенин зайымчы эсинен чыгарбашы керек.
Банк күрөөгө коюлган мүлктү алууга кызыкдар эмес, ал берген насыясы менен пайыздарды кайтарып алышы керек.
Банк күрөөдөгү мүлктү балансына кабыл алган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы боюнча жоготуулардын ордун жабуу үчүн резеврдерди бөлүп берүүгө милдеттүү. Эң негизгиси, банк менен чыр-чатакка барбай, насыянын баштапкы шарттарын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.
Банк зайымчынын күрөөдөгү мүлкүн балансына алды дейли. Мындай учурда, кардардын 3-5 жылдын ичинде бул мүлктү банктан кайрадан сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул каржы ижара деп аталат, ошондой эле кардар анын бекер эмес экендигин унутпай, каржы ижарасынын пайыздарын өз убагында төлөп берүүгө милдеттүү болот.