Пиелонефрит оорусу кайра кайталанып кармай береби?
Саламатсызбы! Мен боюма бүтсө эле бөйрөгүм ооруп, пиелонефрит болуп кыйналам. Эмне кылсам болот? Бул нерсе кайталана береби?
Болот Рысбаев
Уролог
Саламатсызбы! Бөйрөк ичиндеги түтүкчөлөр менен заара чыгарган түтүкчөлөргө суук тийиши - пиелонефрит дарты деп аталат. Андан тышкары, бөйрөктүн тышындагы паренхимага деген бар, суук тийгенде алар чоңоюп, өзгөрүп пиеленофритти пайда кылат.
Бул оору өзүн карабай, бутуна же колуна суук тийгизип алганда курчуйт. Сиз дарыгерге кайрылып, дарыланыңыз. Эч качан өз алдынча аракеттерди жасабаңыз. Убагында ооруканага барбай, адистерге кайрылбасаңыз, бөйрөктөр ириңдеп, көйгөй курчуп кетиши мүмкүн. Баары өзүңүздөн көз каранды. Адам канчалык өзүн сактаса, жакшылап караса, буту-колун жылуу кармаса жана дарыгердин айткандарын аткарса, пиелонофрит кайра кармабайт.