// //

Кош бойлуу кезде сагыз чайнаса балаң ыйлак болуп калабы? Эксперттер жооп берет

2019.11.01, 11:53
2899

Мен кош бойлуумун. 2-3жума болду. Сагызды көп чайнаба балаң ыйлак болуп калат, деп айтышты. Ушу сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар? Мага сагыз чайнаган жагат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.11.2019, 11:54

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Сагыз чайноо менен баланын ыйлактыгында эч кандай байланыш көрбөй турам. Жакса каалашынча чайнай бериңиз. Бирок тиштериңизде пломба бар болсо, анда болбойт. Стоматологдон консультация алыңыз.

Нуржамал Канатбекова

“Матиз” стоматологиясынын адиси, стоматолог

Сагыз тиштеги пломбанын тез түшүшүнө себепкер. Тишиңздин пломбасы түшүп калса, бардык учурда эле кайра барып пломба салдыра албайсыз. Анткени, тиш дарылаганда анестезия колдонуу керек. Айрымдарда аллергиясы бар.

Ошондуктан баланы төрөп, эмизип бүткөнгө чейин тишиңизди дарылата албай калышыңыз мүмкүн. Эки жылга чейин тиштин ооруганына же ыңгайсыздыкка чыдап жүрүүгө аргасыз болосуз.

Сагызды чайнайсызбы же жокпу, бул өзүңүздүн чечимиңиз. Бирок анын айынан пайда боло турган көйгөйлөрдү эске алыңыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт