Улам ооруй берип кыйналып кеттим. Эмнеге мындай болуп жатат?
Саламатсызбы. Эки жылдан бери ооруп келем. Бир жеримди дарылап жакшы болсом, башка оору жабышат. Аябай кыйналып кеттим. Мындай көйгөйдөн кантип кутулсам болот? Психологдон жооп алып бериңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Ден соолукка байланыштуу маселелердин бардыгын медиктер менен бирге чечкен оң. Мен психолог катары төмөнкү божомолдоолорду гана айта алам:
- Балким, сиз ооруганда жакындарыңыздан күнүмдүк жашоодо ала-албаган көңүл буруусун, жылуу сөзүн, кам көрүүсун аласыз? Ошондуктан аң сезимиңиздин түпкүрүндө ооругунуз келе берет.
- Балким, сиз өтө көп иштейсиз, ал эми ооруп калуу – бул “мыйзамдуу” эс алуунун бир амалы.
- Балким, сизге ар дайым тагдырдын курмандыгы болгон жагат. Ооруп, башкаларга ооруңуз тууралуу айтып берип, алардан сизди аяп, боор ооруп турушун күтөсүз. Демек өзүңүздүн жашооңуз үчүн жоопкерчиликти моюнга алгыңыз келбейт.
- Балким, сиз жөн эле кубанып, майда нерселерден ырахат алганды билбейсиз. Бардыгы жакшы болуп турса деле өзүңүзгө ооруну ойлоп таап аласыз?
Бул айткандар негизги эмес, экинчи баскычтагы себептер болушу мүмкүн.
Мен өзүм ар дайым колдонуп жүргөн сонун фраза бар. Мисалы мурдум бүтүп, ооруй турганымды сезе баштасам, өзүмө: “Мен жакшы боло баштадым”, “Мен айыгып калдым” деп кайталап, аң сезимимди ден соолугумдун бек болушуна программалайм.
Ден соолукта болуңуз!
Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.