Бир жаштагы баламдын тиштери сынып жатат. Эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Бир жаштагы баламдын тиштери сынып жатат. Врачка алып барсак “жемчужный кальций” жазып берди. Бере берсем болобу?
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Ооба болот. Бирок жөн гана кальций ичүү жетишсиз. Алгач эмне үчун тиштери мынча эрте сынып жатканын аныктоо керек. Фтор жана кальцийдин деңгээлин текшерүү үчүн анализ тапшырыңыз.
Бирден-бир себеби баланын туура эмес тамактануусу болушу мүмкүн. Күнүмдүк рационун түрлөнтүп, эт, сүт азыктарын, мөмө жана жер жемиштерди кошкула. Андан тышкары жаңгак, мейиз да күн алыс жеп турушу керек.
Балаңыздын тишин сөзсүз дарылаткыла. Витамин ичүү менен гана чектелсеңиз, калган тиштери сынып, курт жеп ириңдейт. Ирин кийинки тиштерине да терс таасирин тийгизип, туруктуу тиштеринин начар болушуна алып келет.
Балаңыздын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.