// //

Жолдошумдун биринчи аялы чалып, балдар сени сагынды дей берет

2019.10.31, 10:45
1551

Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Анын биринчи никесинен эки баласы бар. Ажырашканына 5 жыл болгондон кийин экөөбүз үйлөндүк. Биз баш кошкондон бери аялы улам телефон чалып, балдар сени сагынды, деп үйүнө көп чакырчу болду.

Ошонун айынан жолдошум экөөбүз көп урушабыз. Ушинткени туурабы? Эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.10.2019, 10:46

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык!

Менин сизге биринчи эле бере турган кеңешим, урушканыңарды токтоткула. Балким, жолдошуңуздун биринчи аялынын максаты экөөңөрдү уруштуруу, а балким чындап эле балдар атасын сагынып жаткандыр. Аныгын эч качан биле албайсыз. Бирок жолдошуңуз менен урушасыңарбы же бактылуу жашайсыңарбы бул сиздин чечимиңиз, сиздин тандооңуз.

Жолдошуңуздун биринчи никесинен балдары бар экен, бул факт. Сиз бул фактыны анын биографиясынан чийип сала албайсыз. Балдар, биринчи нике анын жашоосунун бир бөлүгү, муну ар дайым эске алуу керек.

Балдардын атасы менен жолугушуп туруусуна чек коюууга акыңыз жок. Бирок жолугушуунун шарттарын макулдашып алсаңыз болот. Мисалы, биринчи аялынын үйүнө барып эмес, балдарды силердин үйгө алып келсин. Же болбосо нейтралдуу территорияда жолуксун.

Жолдошуңузга анын балдары менен көрүшүп туруусуна каршы эмес экениңизди түшүндүрүп айтыңыз. Бирок жолугушуулар мурунку аялынын үйүндө болуп жатканы сизге жакпаганын билдириңиз.

Мындай кырдаалда компромиске келүү зарыл. Өзүңүздүн позицияңызды канчалык жайдары түшүндүрүп жеткирсеңиз, бардыгын канаатандырган вариантка келүү мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Ал эми уруш-талаш экөөңөрдү бири-бириңерден алыстатып жатат.

Сизге ийгилик каалайм!

Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт