Топ-5 акылдуу кыла турган оюндар
Эрудицияга багытталган мобилдик оюндар - убакыт өткөрүүгө жана жаңы бир нерсени үйрөнүү үчүн мыкты ыкма. Сүрөт, музыка, тарых, ал тургай, илимдерге кызыкдар болууга жардам берет!
Бул оюндарды үй-бүлөңүздөрдүн бардык мүчөлөрү менен ойносоңуз да болот. Мисалы, конкурстарды уюштуруп, бири-бириңиздин упайларыңарды санап жеңүүчүсүнө кубок тапшырып.
1. Дүйнө тарыхы оюну
Бул оюндан маанилүү тарыхый окуялар жана алардын багытын өзгөрткөн улуу инсандар тууралуу биле аласыз.
Android: play.google.com ⇒
IOS: itunes.apple.com ⇒
2. География оюну
География – бул бир гана контурдук карта жана глобус менен байланышкан десеңиз жаңылышасыз. Бул оюн өлкөлөрдүн жана улуттардын маданияты, тарыхы жөнүндө көп фактыларды сунуштайт. Ойноп жатып жаңы маалыматтарга ээ болосуз.
Android: play.google.com ⇒
IOS: itunes.apple.com ⇒
3. Классикалык музыка оюну
Бул оюн атактуу классикалык чыгармалардын бир үзүндүсүн угуп, андан кийин кайсы композиторго таандык экенин табууну сунуштайт. Бах, Бетховен, Вивальди, Вагнер жана Моцарттын концерттерин уга аласыз.
Android: play.google.com ⇒
4. Көркөм сүрөт оюну
Оюн улуу сүрөтчүлөрдүн белгилүү жана сейрек сүрөттөрүн көрсөтүп, кимдики эмгеги деп сурайт, ошондой эле алардын дүйнөлүк маданиятка тийгизген таасири тууралуу айтып берет.
Android: play.google.com ⇒
IOS: itunes.apple.com ⇒
5. Эрудиция оюну
Оюндан билимиңизди текшерип, илим, маданият жана спорт ж.б боюнча көптөгөн кызыктуу маалыматты ала аласыз.
Android: play.google.com ⇒
IOS: itunes.apple.com ⇒