// //

Кантип үй-бүлөмдү сактап, жолдошумду кайтара алам? Психолог кеңеш берет

2019.10.28, 16:44
1858

Жүрөгүм сыгылып, оор абалда жүрөм. Мен үчүн күн өткөрүү татаал болуп калды. Үч уулум бар, кайын ата, кайын энем кары кишилер. Экөө тең тез-тез ооруй беришет. Кечке аларды, балдарымды карап күн өтөт.

Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмеспиз. Бир көрүп эле алып качкан. Мен жашап калдым. Ысык-суугуна көнүп, жашап келатканда мени кайгыга салды. Күйөөм ойноштук кылып жатат. Анысын мойнуна алды.  

Ата-энемдикине кетип калгам, балдарымды ойлоп кайра келдим. Арыктап, жүдөп кеттим. Өзүм жогорку билими бар аялмын. Бирок эмне кылышты билбей турам.

Кичинекей балам да сыркоолоп калды. “Сенин жоругуң балага тийди”, десем унчукпайт.

Эч нерсе менен иши жок. Керээлден кечке телефон менен алек.  Кантип чыккынчылыгын унутуп, кантип жашайм? Канткенде жеңе алам? Кантип күйөөмдү өзгөртөм? Менин эмне күнөөм бар? Кайсы жерден жаңылдым? Кантип үй-бүлөмдү сактап калам? Канткенде жолдошумду кайтара алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.10.2019, 16:46

Асель Баимбетова

Психолог

Сизде күнөө жок. Себепсиз өзүңүздү айыптап, жемелебеңиз. Кайсы жерден ката кетирдим, менин эмнем туура эмес дей бергендин өзү туура эмес.

Жолдошуңуз жаш бала эмес. Сиз аны сактап же кайтара албайсыз. Күйөөңүздүн энеси, же эжеси эмессиз. Андан ары кандай жашаш керек экенин экөөңөр бирге отуруп, ачык сүйлөшүп алып, андан кийин чечишиңер керек. Бардыгын ичке катып сыза берген болбойт. Жеке пикириңизди, эмоцияларынызды билдиргенди үйрөнүңүз.

Телефонду тиктеп отурса, демек, андан башка кылаарга иши жок. Карьера жасабайт, бир нерсеге умтулбайт, жашоодо максаты жок. Балким күнүмдүк көйгөйлөрдөн алаксып, телефонго баш оту менен кирип кетип жатат. Ал өз жашоосу, өз жашоосун кантип жашайт өзү чечет.  

Төркүнгө кетип калып коркутуудан эч кандай майнап чыкпайт. Өзүңүздүн жашооңузга анализ салып көрүңүз. Мен эмнени каалайм? Менин жашоомдун кандай болушун каалайм? Ушундай турмушка баш ийип, өмүр бою жашаганга даярмынбы?

Сизге ийгилик каалайм! Бактылуу болуңуз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт