// //

Күйөөм Москвада, мен Кыргызстанда. Бул абалдан кантип чыксак болот?

2019.10.28, 13:59
1283

Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүз бир ай эле сүйлөшүп кийин мени алып качкан. Үйлөнгөнүбүзгө 4 жыл болду. Анын 2,5 жылын алыста жашайбыз: ал Москвада, мен балдар менен Кыргызстанда. Экөөбүз күн алыс телефондон урушабыз. Өзгөчө кайын энемдин айынан. Ал мага башка сүйлөп, күйөөмо башка айтат экен.

Мынтип жашагым келбейт, ажырашалы десем эле, жакшы сүйлөп калат. Бул кырдаалдан кантип чыксам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.10.2019, 14:02

Виктория Исакова

Психолог

Саламатчылык!

Суроо берип жатсаңыз деле, жообун өзүңүз билесиз. Күйөөңөр экөөңөрдүн ортоңордо эч кандай сезим, мамиле жок.

Алгач өзүңүз үчүн бул мамиледен эмнени күтуп жатканыңызды аныктап алыңыз. Кайсы максат менен кызыкчылыктарыңызды кечип жатасыз? Эмнелерден баш тартууга такыр даяр эмессиз? Ойлонуп көрүңүз, жооп өзүнөн-өзү келет.

Бирок сизден алыс туруп күйөөңүздүн өзгөрүп, сизге болгон мамилеси жылуу болуп калат, деп үмүттөнбөй эле коюңуз. Ажырашам, деп коркутуп маселени чече албайсыз.

Ал эми кайын энеңиз, бул анын апасы. Аны менен да бирге жашоого үйрөнүү керек. Реалдуу жашоону кадимкисиндей кабыл алыңыз. Куру үмүт, куру кыял менен жашабай, жеке жашооңузду, балдардын келечегин пландаштырып, жоопкерчиликти моюнга алыңыз. Бир чечимге келгенде, жеңилдеп каласыз.

Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт