Күйөөм туугандарга жардам бериш керек дегенде ичкен ашын таштап жөнөйт
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 4 жыл болду. Бир кызыбыз бар, экинчисин күтүп жаткан учурубуз.
Бизде бардыгы жакшы, кудайга шүгүр. Мени нааразы кылган бир гана нерсе, күйөөм үйүбүздү оңдоп-түзөп, жашоого шарт түзөлү десенге көнбөйт. Үйгө келет тамагын ичет, уктайт. Кийимдерин жууп коем, эртең менен туруп кийип алып кетет. Акчасы болсо деле оңдоп, жакшыртып алайын дебейт.
Бирок тууган урукта бир жумуш чыгып калса, (ошол эле стройка) ичкен ашын таштап коюп жардам бергени жөнөйт.
Жакшы да айттым, жаман да айттым, болбойт.
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Билесизби акылдуу аял эстүүдөн эмнеси менен айырмаланат? Акылдуу аял эмне жасаш керек экенин айтып турат, ал эми эстүү аял ошону күйөөң өзү каалап жасагыдай кылат.
Мен сизди түшүнүп турам. Жашоо шартыңызды оңдогуңуз келет. Өзгөчө азыр бул өтө маанилүү. Жакында көз жарып, экинчи наристелүү болот экенсиз.
Үйдү оңдогондон күйөөңүзгө эмне пайда? Ошолорду ойлонуп көрүңүз. Мисалы:
- даараткана үйдүн ичинде болот;
- ар дайым ысык суусу бар “душ” бар болот;
- ыңгайлуу эмерек;
- толугу менен жасалгаланган ашкана.
Мындай шарттары түзүлгөн үйдө жашоо канчалык ыңгайлуу боло турганын айтыңыз. Бирок аша чаап кетпеңиз.
Күйөөңүздү акыркы жолу качан мактадыңыз эле? Качан ыраазычылык билдирип, рахмат айттыңыз эле?
Мактоо менен ыраазычылык, аялдын суктанган көз карашы кандай болбосун эркекке дем күч берип, чоң ийгиликтерге жетишкенге түрткү болот.
Күйөөңүздү мактап корсөңүз, натыйжасы көпкө күттүрбөсө керек.
Мен сизге ийгилик каалайм. Бактылуу болунуз!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.