Жубайым кандай болот деп коркуп жүргөндө, үйлөн дегендер тажатышты
Саламатсызбы. Мен келечекте жубайым кандай болот, сүйгөн адамым менен жашаймынбы, деп көп ойлоном. Ансайын “үйлөн” деп айткандар тажатышты. Кимге үйлөнөм? Мен сүйүүсү жок жашагым келбейт.
Элдин сөзүнөн, сынынан аябай корком. Сыртыман билгизбей таза тыкан жүрө берем. Бирок жалгыздык, ызалануу, кусалык, сагынуу сезимдери жанга батып кетти. Кээде ыйлагым келет, ыйым чыкпайт. Түнү менен ойлонуп жата берем. Көзүм туман болуп көрбөй калат.
Мен өзгөрүүгө аракет кылып көрдүм. Жумушумду котордум. Болгон жок. Өлүп каламынбы деген ойлор келгенде жүрөгүм сыздайт. Же бул сынообу? Жөн гана чыдаш керекпи?
Элдер кантип жашайт? Алар да кыйналабы?
Асель Баимбетова
Психолог
Менин түшүнгөнүмө караганда, сиздин өзүңүзгө койгон талаптарыңыз өтө жогору экен. Сиз дүйнөнү идеалдаштырасыз. Кенедей ката кетирүүдөн, коркосуз.
Балким, ошондой тарбия алып калгансыз? Башынан жогору талаптар коюлса керек. Сиз абдан сезимтал адамсыз. Балким чыгармачыл инсансыз?
Жашоодо ката кетирүү, бул нормалдуу көрүнүш. Бардык жагынан төп келишкен киши болбойт. Адамдарды ошо бойдон кабыл алууга аракет кылыңыз. Өзүңүзго болгон талапты да жумшартыңыз. Катуу сынга албаңыз.
Андан тышкары өзүңүзгө болгон ишенимди да жогорулатышыңыз керек. Сизди мыкты түшүнгөн, колдоо көрсөткөн санаалаш, дос, курбу табышыңыз керек.
Эгер мындай ой жүгүртүү башкалар менен мамиле курууда, адамдар менен баарлашууда кыйынчылыктарды жаратса, түнкүсүн уйкуңуз качса, тиешелүү адистерге кайрылыңыз. Психологдор ички дүйнөңүздү түшүнүүгө жардам беришет.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.