// //

Турмушка чыккам, бирок биринчи сүйүүмдү унуталбай келем. Психологдун кеңеши

2019.10.23, 10:43
1358

Саламатсыңарбы. Мен өзүмдүн биринчи сүйүүмдү унута албай келем. Экөөбүз бири-бирибизди абдан сүйчү элек.  Тагдыр экен, бирге боло алган жокпуз. Азыр анын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Мен да турмушка чыккам, балалуу болгонбуз. Күйөм жакшы киши.

Бирок арадан ушунча жыл өтсө да, биринчи сүйүүмдү унута албай койдум. Мага жардам бергилечи? Кантип унутсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.10.2019, 10:43

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык!

Ооба биринчи сүйүү кийинки сезимдерге караганда күчтүрөөк болгондой сезилет. Бирок бул жашоодогу жалгыз жана чыныгы махабат дегендик эмес. Биринчи, экинчи, үчүнчү сүйүүлөр болушу мүмкүн. Ар бири уникалдуу, экинчи кайталангыс.

Негизи адам, өткөн чакты идеалдаштырат. Эсибизде жалаң жагымдуу элестер калып, эмне үчүн мамиле уланбай калган фактылар көз жаздымда калат.

Көпчүлүк учурда мурунку сүйүүсүн эскергендер, сүйгөнүн эмес, ошол кезди, андагы жаштыкты сагынышат. Сиз ал мезгилде жаш, эркин, көзүндө оту бар секелек кыз болсоңуз керек.

Ошол учурда жашооңуз кандай эле? Кандай сезимдер жүрөгүңүздө толуп турчу эле? Ошонун баардыгын эстеп, жан дүйнөңүздөн өткөрүп, азыркы жашооңузга алып келгенге аракет кылыңыз. Күйөөңүз менен болгон мамилени ошол эмоцияларга толтуруңуз.

Мурунку сүйгөнүңүздү кайтарууга аракет да кылуунун кереги жок. Кайрадан мамилелериңер жанданса да, баштагыдай болбойт. Ошол сезимди таппай көңүлүңүз калат. Сиз да өзгөрдүңүз, ал да өзгөрдү. Ооба бул өкүнүчтүү. Бирок ал сагынычты, эскерүүлөрдү кое бериңиз. Өткөндү кайтара албайсың.

Сиз өткөн чакты ойлой берип, бүгүнкү күндү унутуп койдуңуз. Учурда эмнелер болуп жатат, ошого көбүрөөк концентрация кылып, азыркы мезгил менен жашап, ырахат алганды үйрөнүү керек.

10 жылдан кийин ушул күндү сагынып, өкүнүп калбаңыз. Сиз түбөлүктүу эмессиз, жакындарыңыз да ар дайым жаныңарда боло бербейт. Ошондуктан, күйөөңүзгө балдарыңызга убакыт бөлүп, бүгүнкү жашоого баш отуңуз менен киришип, кызыктуу ирмемдерди өткөрүүгө шашылыңыз.

 

Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт