Баламдын тили чыга элек, бирок урушсам мени менен айтышат. Психологдун кеңеши
Балам 2 жашта, жакшы сүйлөй элек. Бирок урушуп койсом, мени менен теңме-тең айтышат. Бирдекелерди чулдурап сүйлөп, нааразы экенин билдирет.
Бир нерсени алып кел десем, “жок” деген ишарат кылып, жасабай коет. Жомок айтып берсем, мени укпай эле жарышып сүйлөп, өзү айта баштайт.
Ушундай куракта кандай тарбия беришим керек?
Бул улуусу, кичинекейиме 5 ай болуп калды.
“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун адиси, балдар психологу
Саламатсызбы!
2 жашка чыккан бала, бир топ нерсени түшүнүп, билип калат. Психологияда “2 жашка чыккан балдардын кризиси” деген түшүнүк бар. Дагы бир аталышы “Жок” деген кризис.
Эки жашка чыккан балдар, өз алдынча болууга умтулушат. Бардыгын өзү жасап, каршылык көрсөтүп, жеке пикирин билдире башташат. Эң көп айта турган сөзү “жок!”.
Бул этап баланын калыптануусу үчүн абдан маанилүү. Ушул мезгилден тартып, бала энеси менен бир бүтүн эмес, өз алдынча инсан экенин түшүнө баштайт. Эгер аны уруша берсеңиз, анын өзүнө болгон ишенимин, чечкиндүүлүгүн жоготуп саласыз.
Бирок, бул бардык нерсеге уруксат берип, башка чыгарып салуу керек дегендик эмес. Айрым учурларда болбой турганын түшундүрүп көрсөтүп бериңиз, кээде көңүлүн башкага буруп, алаксытыңыз.
Мисалы, сиз сүйлөп жатканда сөзүңүздү бөлсө, алып кел дегенди укпаса, көңүл бурбаңыз. Мындай болгону нормалдуу көрүнүш. Демек, жеке пирин билдиргиси келген активдүү бала.
Бирок апасын, кичинекей бөбөгүн, бакчадагы балдарды урууга такыр болбойт. Андайга жол бербеңиз.
Ошондой эле, улуу балаңыз сизди бөбөгүнө кызганышы мүмкүн. Балким, ошондуктан сизге ачууланып, сиз менен урушуп жаткандыр. Мүмкүн болушунча аны көбүрөөк кучактап, колуңузга алып, мурункудай эле жакшы көрөрүңүздү көрсөтүңүз.
Эч качан баланы урбаңыз. Андан ачууңузду чыгарбаңыз.
Сабырдуу, мээримдүү болуңуз!