Кайын журтум жолдошумдун биринчи аялын эстей беришет. Психолог кеңеш берет
20 жаштамын. Турмушка чыкканыма жарым жылдай болду. Жолдошумдун экинчи аялымын. Мурунку аялы каза болуп, андан бир баласы бар.
Келгенден бери такыр көнө албай койдум. Ортобузда уруштар көп. Себеби, күйөөмдүн апасы, бир туугандары социалдык тармакка биринчи аялынын сүрөттөрүн жүктөп коюшуптур. Көргөн сайын жаман болом.
Турмушка чыкканыма аябай өкүнөм. Жолдошума да, баласына да такыр мээрим төгө албай койдум. Кетким келип, канча жолу аракет кылдым. Бирок жолдошум кое бербей жатат.
Эльвира Чокоева
психолог
Кутман күн!
Мен сизди түшүнүп турам. Турмушка чыгып, жашооңуздагы жаңы этапты баштайын деп жаткансыз. Бирок жолдошуңуздун мурунку жашоосунун көлөкөсү сизди ээрчип жүргөндөй сезилип жатат. Үй-бүлөлүк жашоодо мурунку жубайынын элеси кете элек.
Сиз жолдшуңуз менен бул тууралуу сүйлөшүп көрдүңүзбү? Же болбосо, унчукпай, ичтен сызып жүрөсүзбү?
Жолдошуңуздун сизге мамилеси кандай? Ал сизге көңүл бөлүп, кам көрөбү?
Сизе эмнелер жакпай жатканын жолдошуңузга ачык айтып сүйлөшүп көрүңүз. Ошондой эле анын бир туугандары, апасы менен сүйлөшүп көрүүсүн сураныңыз. Сиздин сезимдериңизди, абалыңызды түшүндүрүп берсин.
Баш кошконуңарга аз эле убакыт болуптур. Бири-бириңер менен сүйлөшүп, түшүнүүгө аракет кылуу абдан маанилүү.
Албетте, жолдошуңуздун биринчи аялы кайын журтуңуздун эсинде өмүр бою калат. Бирок сиз да сый мамилеге татыктуусуз, жана бул үй-бүлөдө өз орудуңузду ээлеп калууга толук акыңыз бар.
Бактылуу болуңуз!