Ыктыярчы болууну самайсыңбы?
Учурда муктаж адамдарга жардам берген ыктыярчылардын саны көбөйдү. Интернет булагына байма- бай ыссык чай, тамак таркатып жаткан видеолор тарады. Башкаларга дагы үлгү көрсөтүштү. Ыктыярчы деген ким? Кантип иш алып барат? Мына ушул суроого жооп издеп көрдүк.
Ыктыярчы – аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетимдерге, пенсионерлерге, кары картаңдарга, үйсүз калгандарга жана башка социалдык жардамга муктаж болгон адамдарга өз эрки менен жардам берүүчү адам. Ал кылган иши үчүн матиралдык сыйлык же акча албайт. Эчким аны бекер иште деп да мажбурлабайт жана ал ар бир адамдын өз эрки макулдугу менен болот.
Төмөнкүдөй багыттарда ыктыярчы боло алышат:
Ыктыярчылар коомдук, социалдык уюштуруу чөйрөсүндөгү иш-чараларга керек.
Алар менен биргеликте бир нече багытта иш алып барышат.
- Кары-картаңдарга, майыптарга, жетимдерге жардам берүү; Алар өздөрүнө көңүл бурдурууну каалайт, кичине нерсеге капа болуп таарынат, мына мунун баарына ыктыярчы болуп ага жардап берүүнү каалаган гана адам чыдап жардам берет. Баарына чыдап аларга ачык маанай тартуулап, кубандырган баарынан баалуу.
- Жаныбарларды коргоо; Көчөдө калган, жарадар жаныбарларга жардам беришет. Жоголуп кеткен болсо аларды издөөгө, жарнамаларды жарыялоого жардамдарын сунушташат.
- Жаратылышты коргоо; Айлананы жашылдандырууда, ишембиликте жардам берүү жана айлананы булгаган таштатандыларды тазалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү.
- Жашоочуларды сергек жашоого чакыруу; Ар кандай пайда берүүчү баракчаларды таркатуу.
Кантип ыктыярчы болсо болот:
Сен ыктыярчы болууну чечтиңби, бирок кантип болууну билбейсиңби анда төмөнкү кеңештер сага жардам берет.
1. Кайсы багытта иш алып барууну каалайсың ошону аныктоо;
2.Тандаган багыттагы иш жөнүндө аз да болсо маалымат топтоп билип алуу;
3.Өзүңө жаккан уюштуруу тобунун жетекчисине кайрылып ага ыктыярчы болуп иштегиң келгенин айтуу жана максат кылып жүргөн планды сунуштоо;
4.Андан соң керектүү документтер болсо аларды топтоо жана баарлашууга баруу;
5.Аягында ыктыярчылардын катарына кабыл алуучу чечимди күтүү;
Байкагандай эле ыктыярчы болуп иштөө кадимки жумуштардан айырмаланат, бирок бул да чыныгы жумуш. Иштөө үчүн психикалык күч, берилүү, аракет жана эрежелерди аткаруу талап кылынат. Сыйлык катары:
- Коомдук чөйрө менен таанышуу;
- Жаңы досторду табуу;
- Уюмга жумушчу болуп орношууга мүмкүнчүлүк алуу;
- Келечектеги жумушуңа керектүү тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү;
- Өзгөчө сезимдерге ээ болуу;