Интернет аркылуу ЗАГСты кырктырса болобу? Эксперт жооп берет
2019.10.16, 13:00
1195
Жолдошум тынбай ичет. Ичпе десем эле балээге калам. Муштап уруп, соо жеримди калтырбай сабап салат. Ортобузда эки балабыз бар. Учурда Москвадабыз. Интернет аркылуу ЗАГСыбызды кырктыра аламынбы? Же сөзсүз өзүм барышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.10.2019, 13:01
Бакай Алишеров
Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Тилекке каршы, интернет аркылуу ЗАГСты кырктырууга болбойт. Ажырашуу процесси тез бүтө турган иш эмес.
Экөөңөрдүн ортоңордо балдар бар экен. Алардын ким менен кала турганы сот аркылуу чечилет. Ошол чечимдин негизинде, барып ажырашуу кагазын ала аласыз.
0
Пайдалуу жооп