// //

Боюңда болгондо эрозияны дарылаткан болобу? Гинеколог жооп берет

2019.10.10, 10:32
4497

Саламатсызбы. Менде эрозия бар болчу. Аны күйгүзөйүн деп жаткам. Бирок боюмда бар экенин билип калдым. Эми эмне кылышым керек? Боюнда бар болгондо деле дарылата берсе болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.10.2019, 10:34

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Ооба, болот. Бойдон түшүп калуу коркунучу жок болсо, колькоскопия жасап, цитологияга “мазок” алынат.

Жатын моюнчасынын эрозиясы бул – жыныс кынындагы былжыр челине чыккан жара. Анын пайда болушунун себептери түрдүү:

  • гормоналдык өзгөрүүлөр;
  • химиялык же травматикалык жаракат алуу;
  • сезгенүү процесси;
  • ашыкча салмак;
  • оор төрөт;
  • аборт ж.б.

Жатын моюнчасынын эрозиясы кош бойлуулукка жана төрөткө чоң таасири деле тийбейт. Демек, сарысанаа болбой эле коюңуз. Аман эсен төроп алганга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Эгер азыр дарылатпасаңыз да төрөттөн кийин сөзсүз гинекологго кайрылыңыз. Өтүшүп кеткен эрозия залалдуу шишикке (злокачественная опухоль) айланып кетиши мүмкүн.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт