Боюңда болгондо эрозияны дарылаткан болобу? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Менде эрозия бар болчу. Аны күйгүзөйүн деп жаткам. Бирок боюмда бар экенин билип калдым. Эми эмне кылышым керек? Боюнда бар болгондо деле дарылата берсе болобу?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Ооба, болот. Бойдон түшүп калуу коркунучу жок болсо, колькоскопия жасап, цитологияга “мазок” алынат.
Жатын моюнчасынын эрозиясы бул – жыныс кынындагы былжыр челине чыккан жара. Анын пайда болушунун себептери түрдүү:
- гормоналдык өзгөрүүлөр;
- химиялык же травматикалык жаракат алуу;
- сезгенүү процесси;
- ашыкча салмак;
- оор төрөт;
- аборт ж.б.
Жатын моюнчасынын эрозиясы кош бойлуулукка жана төрөткө чоң таасири деле тийбейт. Демек, сарысанаа болбой эле коюңуз. Аман эсен төроп алганга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Эгер азыр дарылатпасаңыз да төрөттөн кийин сөзсүз гинекологго кайрылыңыз. Өтүшүп кеткен эрозия залалдуу шишикке (злокачественная опухоль) айланып кетиши мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!